Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Барктабасовду 18 жылга чейин эркинен ажыратуу суралууда


Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Урмат Барктабасов баштаган 15 адамдын ишин кароо уланууда. “Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, прокурор Барктабасовду 12 жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыратууну сурап жатат. Ушул тапта тараптар акыркы аргументтерин билдиришүүдө.

Урмат Барктабасов былтыр август айынын башында кармалган. Ага “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген айып тагылып, УКМК камакка алган. Барктабасов баштаган жүздөгөн адамдар 4-августта Элдик курултай өткөрүү максатында Ысык-Көлдөн Бишкекке келатканда алардын алдын милиция тоскон. Натыйжада эки тарап кагылыша кетип, милиция аларды күч менен кууп тараткан эле. (KKs)

XS
SM
MD
LG