Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:25

Ошто сабалган журналист боюнча кылмыш иши козголду


Ош шаарында 1-май күнү кечки саат 7лер чамасында “Интерфакс” маалымат агенттигинин кабарчысы Жылдыз Бекбаеваны белгисиз төрт адам үйүнүн жанынан сабап кетишкен. Кабарчыбыз Эрнис Нурматовдун билдиришинче, бул факт боюнча азыр кылмыш иши козголуп, окуя журналисттин кесибине байланышы бар же жокпу деп териштирилип жатат. Бекбаева денесинен жаракат алып учурда ооруканада жатат. Өзүнүн айтымында, ага төрт адам: эки эркек, эки аял кол салган. (EBM)

XS
SM
MD
LG