Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Жибек Сакееванын соту 19-майга жылды


Индонезияда маңзат менен кармалган кыргызстандык Жибек Сакеевага сот өкүмү эртең угузулушу мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүнкүгө белгиленген сот отуруму котормочу жоктугуна байланыштуу жылдырылган. Сотко Кыргызстандын Малайзиядагы консулу Азамат Кайбалаев катышып, Сакееванын таламын талашмакчы. Акыйкатчы Турсунбек Акундун билдиришинче, мамлекеттик айыптоочу Сакееваны 15 жылга эркинен ажыратууну сурап жатат, ал эми жактоочулар 5 жылга кесүүнү өтүнүшүүдө.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 25-27-май күндөрү Индонезияга иш сапары менен барат. Ал жакта көтөрүлчү маселелердин бири Сакеева тууралуу болуп, аны Кыргызстанга кайтаруу аракети көрүлөрү буга чейин маалымдалган болчу.

Өткөн жылдын октябрь айында Индонезияда маңзат менен колго түшүп, азыр бөтөн жерде камакта сурак берип жаткан Сакееванын тагдырын “Азаттык” биринчи жазып чыккан жана азыр да көз жаздымга калтырбай ар тараптан иликтеп жатат. (EK)

XS
SM
MD
LG