Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:18

Ташиев депутаттык кол тийбестиктен баш тартты


Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн парламенттин отурумунда депутаттык кол тийбестиктен баш тарта турганын жарыялады. Ташиев өзүнүн иши боюнча депутаттык комиссия түзүлүп убара болбосун деген максатта ушундай кадамга барганын айтты. Башкы прокуратура чакырып сурай берсе болорун, күнөөсү далилденсе сот жообуна тартылууга даяр экенин билдирди.

“Ата Журттун” дагы бир депутаты Курманбек Осмонов мыйзамда депутаттын өз эрки менен баш тартуу жөнүндө норма жоктугун белгиледи. Жогорку Кеңештин кечээки отурумунда Ташиевдин маселеси боюнча комиссия түзүлгөн. Жалал-Абадда ушул тапта Ташиевдин тарапкерлери нааразылык жыйынга даярданып жатышат. (EBM)

XS
SM
MD
LG