Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Сабалды делген оператордун соттук-медициналык текшерүүдөн өтүүсү сунушталды


Кечээ митингде сабалды деген оператор соттук-медициналык экспертизадан өтүүсү керек. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Замир Сыдыков “Азаттыкка” билдирди.

Кечээ Ошто депутат Камчыбек Ташиевдин тарапкерлери митинг уюштуруп, анда НТС телеканалынын кабарчысы Чынара Сыдыкова жана Internews долбоорунун оператору Владимир Безбородов ур-токмокко алынды деген кабар тараган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Замир Сыдыковдун айтымында, Ош шаардык бейтапканасында оператордун сабалганы тастыкталбагандыктан бул окуя боюнча кылмыш иши козголбоду. Антсе да шаардык милиция оператордун соттук-медициналык экспертизадан өтүүсүн сунуштап жатат.

Бул окуя боюнча президенттин басма сөз кызматы бүгүн камтамачылыгын билдирип, тартип коргоо органдарына кайрылуу менен бул окуя боюнча дыкат тергеп-иликтөө иштерин жүргүзүүгө чакырган эле. (EK)

XS
SM
MD
LG