Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:56

Өкмөт башчы Москвадан кайтып келди


Премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин бүгүн Москвадагы иш сапарынан кайтып келгенин анын кеңешчиси Фарид Ниязов “Азаттыкка” тастыктады. Анын айтымында, бул сапардын жыйынтыгында Кыргызстан күйүүчү майды үзгүлтүксүз алуу боюнча Орусиянын колдоосун тапты:

“Бишкек күйүү май менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу багытында Орусиянын колдоосун алды. Биз азыр туруктуу түрдө күйүүчү май алабыз деп айта алабыз. Бирок баалар аймактагы базар баасына жараша болот”,-деди Фарид Ниязов.

Атамбаев 20-июлда күйүүчү майга байланыштуу маселелерди талкуулоо үчүн Москвага аттанган. Ал жакта орус өкмөт башчысы Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Мындай жолугушууга Орусиянын Омск мунай иштетүүчү ишканасынын Кыргызстанга күйүүчү май берүүнү токтотушу себеп болгону кабарланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG