Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:53

Түптөгү “Каркыра” чек ара бекетинде бир аскер каза тапты


29-июлда Ысык-Көл облусундагы Түп районуна караштуу “Каркыра” чек ара бекетинде аскердик кызматта жүргөн 20 жаштагы Эрлан Мамытов өз жанын өзү кыйганы маалымдалууда. Маркумдун тайэжеси Гүлгаакы Малдыбаева “Азаттык” менен байланышып, жээни киши колдуу болгонун айтты. Каза тапкан аскердин жакындары адвокат жалдап, “Солдаты матерей” уюмуна кайрылышты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Чек ара кызматынын басма сөз кызматкери Салкын Абдыкариева Эрлан Мамытовдун аскерде кызмат өтөп жүргөн жеринде каза тапканын тастыктады. Окуя боюнча комиссия түзүлүп, аны Чек ара аскерлеринин кол башчысы Закир Тиленовдун биринчи орун басары жетектөөдө. (EK)

XS
SM
MD
LG