Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Орусия террорчу деп издеген адам Кыргызстанда кармалды


Бишкек четиндеги Лебединовка айылында Орусияда оор кылмыштарды жасап, террорчу делген 35 жаштагы орус жараны А.А.Ш кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул адам Чечен республикасында төрөлүп, тартип коргоо тармагында иштегенине карабастан, аймактагы бир катар террорчул аракеттерди жасаган деп айыпталууда. УКМКнын маалыматына ылайык, А.А.Ш кылмыш куугунтугунан качып Кыргызстанга келген. Анын Кыргызстанда уюшма кылмыштуу топтун мүчөсү делген Азиз Батукаев менен да байланышы болгон.

Орусиянын бул жараны 8-августта кармалып, учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта. (KKs)

XS
SM
MD
LG