Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:01

Укук коргоочулар Физиевдин өлүмүнө УКМК күнөөлүү дешет


Бүгүн бир катар укук коргоочулар маалымат жыйынын өткөрүшүп, курал-жарак саткан топтун мүчөсү деп кармалып, андан соң ооруканада каза болгону кабарлаган Ферузбек Физиевдин өлүмүнө Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери күнөөлүү экендигин билдиришти.

Укук коргоочу Сардар Багышбековдун “Азаттыкка” кабарлашынча, УКМК кызматкерлери Физиевди кармап, кыйноонун ар кыл түрлөрүн колдонушкан. Бул тууралуу укук коргоочуларга Физиев менен кошо кармалган эки адам айтып берген. Мындан тышкары укук коргоочулар Физиевдин өлгөндөн кийинки денесинде кыйноонун белгилерин байкашкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы мындай кептерди четке кагып, Ферузбек Физиев 29-30-июль күндөрү ири өлчөмдөгү курал-жарак саткан топтун мүчөсү деп шектелип, кармоо маалында куралчан каршылык көрсөтүп, үйдүн үстүнөн секирип түшкөн учурда алган жаракаттан ооруканада көз жумганын кабарлаган. Башкы прокуратура бул боюнча иликтөө ишин жүргүзүп жатканын билдирген. (KKs)

XS
SM
MD
LG