Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

"Ар-намыста" лидерлик талаш


Парламенттеги "Ар-намыс" фракциясынын лидери ротациялык негизде бир жылга гана шайланышы керек деген чечим фракциянын кечээ өткөн кезексиз жыйынында кабыл алынганын бүгүн "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Шайырбек Маматокторов билдирди.

Жыйынга 25 депутаттын 15и катышкан. Анда кабыл алынган жаңы Жобого ылайык, фракция лидери Феликс Кулов ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна депутат Камила Талиева шайланган.

Феликс Кулов фракциялаштарынын бул чечимине макул эместигин билдирип, ушул тапта маалымат жыйынын өткөрүп жатат. Анын айтымында, фракция парламентте "Ар-намыс" партиясынын атынан түзүлгөндүктөн, ага байланыштуу бардык чечимдер фракцияда эмес, партиянын саясый кеңешинде гана кабыл алынышы керек. (RK)

XS
SM
MD
LG