Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:57

Тажикстанда Садыркуловдун өлүмүнө шектүүлөр кармалды


14 сентябрда президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө тиешеси бар деп шектелген уюшкан кылмыштуу топтун 4 өкүлү Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында кармалышты. Бул тууралуу маалымдаган ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаевдин айтымында, бул адамдар башка дагы чуулгандуу кылмыш иштерине тиешеси бар болушу ыктымал.

"Азаттыктын" кабарчысы маалымдашынча, Мелис Турганбаев кармалгандардын бири - Кадырбек Досонов "кылмыш дүйнөсүнүн лидери" атыккан Алмамбет Анапияевдин кылмыш тобунун катарына киргендердин бири экенин айтты. Ал эми дагы бири - Шералы Атанов мурдагы депутат Баяман Эркинбаевдин өлүмүнө тиешеси бар болушу мүмкүн.

Медет Садыркуловдун күйүп кеткен сөөгү 2009-жылдын март айында Чүйдөгү айылдардын биринде табылган. Аны менен кошо Стратегиялык изилдөөлөр институтунун мурдагы жетекчиси Сергей Слепченконун жана айдоочу Кубат Сулаймановдун да сөөгү табылган. Буга чейин алардын өлүмү жол кырсыгынын кесепети деп аталып келсе, учурда бул атайын даярдалган өлтүрүү болгону айтылууда. Буйрутма берген адам мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиев экенин, жана бул кылмыш ишине шектүү 16 адам кармалганын Ички иштер министрлиги жарыялаган. (RK)

XS
SM
MD
LG