Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:36

Москва милициясы кармап алган 46 кыргызстандык мекенине жөнөтүлөт


Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москванын милициясынын чет элдик жарандарды кармоо борборунда жаткан 46 кыргызстандыкты мекенине жөнөтүүнү тездетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Элчиликтен маалымдашкандай, ал борбордо административдик негизде өлкөдөн чыгаруу тууралуу соттун чечими чыккандар кармалат. Көпчүлүк кыргызстандыктар өздөрү тууралуу так маалымат бербегендиктен аларды жөнөтүү процесси созулуп жатканы айтылууда.

Жумуш издеп, Кыргызстандан Орусияга чыгып кеткендердин саны бир миллионго жакындап калганы бейрасмий айтылууда. Алардын көпчүлүгү Москвада. Быйыл жыл башынан бери Орусияда каза тапкан жүздөн ашык кыргызстандыктын сөөгү мекенине кайтарылганы айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG