Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:44

Ош облусунда 2500 баш кой жана 20 адам кар туткунунда калышты


Ош облусунун Чоң-Алай районунун жайлоосунан Кадамжай районуна кайтып келе жаткан 9 короо - жалпы саны 2500 баш кой жана 20 адам кар туткунунда калышты. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Анын айтымында, кар көп жаагандыгына байланыштуу алар ушу тапта Дароот-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Эшме айылында турушат. Ал жерде жааган кардын калыңдыгы бир метрге жетип калганы айтылууда. Жем-чөп жетишпегенинен койлор кырылып калуу коркунучу бар. (RK)

XS
SM
MD
LG