Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Атамбаевдин инаугурациясы 1-декабрда өтөт


2011-жылдын 1-декабры Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган президентинин кызмат ордуна расмий киришүү күнү деп белгиленди. Бул тууралуу Жарлыкка президент Роза Отунбаева бүгүн кол койду. Жаңы шайланган президент Алмазбек Атамбаевдин инаугурациясын уюштуруп өткөрүү боюнча комитет түзүлдү. Аны президенттик аппараттын башчысы Эмилбек Каптагаев жетектеди.

Атамбаев 30-октябрда өткөн шайлоодо добуш бергендердин 62 пайызынан көбүнүн колдоосуна ээ болгонун БШК 12-ноябрда расмий жарыялаган. (RK)

XS
SM
MD
LG