Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Келдибеков Отунбаеваны баардык саясатчылар үчүн үлгү деди


"Кыргызстан мамлекеттик бийликтин парламенттик башкаруу таризин тандап алган соң, ар кандай саясый күчтөрдүн ортосунда ар дайым таймаш жүрүшү – табигый нерсе. Бирок эч качан эл биримдиги менен журт бүтүндүгүн унутта калтырууга болбойт. Кыргызстан үчүн кыйчалыш кезеңде Сиздин ушул багытта жасаган иштиктүү аракеттериңиз баардык саясатчылар үчүн үлгү болуп кала берет деп ойлойм", - деди бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков парламентте президент Роза Отунбаевага кайрылып. Мамлекет башчысы парламентке жана элге кайрылуу сөзүн айтканы барган. Президенттик кызматын өткөрүп берээр алдында Роза Отунбаева элге кайрылып, жыйынтык сөзүн айтты. Эртең жаңы президенттин инаугурациясы болот. Бүгүнкү кезексиз жыйынында парламент Роза Отунбаеваны Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйлады. (RK)

XS
SM
MD
LG