Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:32

Бекназаров "Манас" орденинен баш тартты


Коомдук ишмер Азимбек Бекназаров III даражадагы "Манас" орденинен баш тартаарын бүгүн "Азаттыкка" билдирди. Ал мындай баш тартуусунун себептерин Апрель ыңкылабынын талаптары толук аткарылбаганы, өлкөдө коррупция күчөп жатканы, апрель окуясы боюнча соттун ушул күнгө дейре аягына чыкпаганы жана азыркы бийликти деле мурдагы президент Бакиевдин тушундагылар тегеректеп алганы менен байланыштырды. Бекназаров мындай шартта бийликтен сыйлык алуу туура эмес деп эсептейт.

Бүгүн президенттик кызматын өткөрүп берген Роза Отунбаева мамлекет башчысы катары кол койгон соңку жарлыктары менен бир катар коомдук-саясий ишмерлерди экинчи жана үчүнчү даражадагы "Манас" ордени менен сыйлаган. Алардын катарында апрель ыңкылабына чейинки оппозиция лидерлеринин бири, бийлик алмашкандан кийин Убактылуу өкмөт башчынын орун басары болуп иштеген Азимбек Бекназаров да бар. (SM)

XS
SM
MD
LG