Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Оштогу митингчилерге атчандар келип кошулду


Оштун борбордук аянтында Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековдун тарапкерлери уюштурган митингге 30дан ашык атчан келип кошулду. Кабарчыбыздын маалымдашынча, чогулгандардын саны бир миңдей адам. Аларга Алайдан аш жасалып келип, түшкү тамак уюштурулду. Нааразылык акцияга катышкандардын атынан 10 чакты аксакал учурда губернатор менен жолугушууга кирип кетишти. Ага чейин губернатор Сооронбай Жээнбеков митингчилердин талаптарын борбордук бийликке жеткирээрин убада кылып, алардын тарап кетүүсүн өтүнгөн. Бирок митинг дагы эле уланууда. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG