Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:33

Евробиримдик Сербия менен Косовонун жыйынын өткөрөт


Косовонун премьер-министри Хашим Тачи, Евробиримдиктин Тышкы иштер министри Кэтрин Эштон жана Сербиянын өкмөт башчысы Ивица Дачич
Косовонун премьер-министри Хашим Тачи, Евробиримдиктин Тышкы иштер министри Кэтрин Эштон жана Сербиянын өкмөт башчысы Ивица Дачич
Сербия менен Косовонун премьер-министрлерин сүйлөшүүлөргө Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесинин төрайымы Кэтрин Эштон чакырган. Бүгүн Брюсселде серб өкмөтүнүн башчысы Ивица Дачич менен Косовонун премьер-министри Хашим Тачи ич ара мамилени оңдоонун жолдорун талкуулашмакчы. Алар өткөн айда да Эштондун демилгеси менен жолугуп сүйлөшкөн. Ал Сербия менен Косовонун жогорку даражадагы расмий өкүлдөрүнүн алгачкы жолугушуусу болчу.

Сербия Косовонун 2008-жылы өзүн бир тараптуу эле көз карандысыз мамлекет деп жарыялап алганын тааныбай келет. Косовонун эгемендигин Евробиримдиктеги 27 мамлекеттин 22си жана дүйнөдө жалпысынан 92 өлкө тааныганын жарыялаган эле. Евробиримдик Белград менен Приштинаны элдештириш үчүн жети жолу жолугушуу-талкууларды уюштурду. Сербиядагы шайлоонун айынан февралда сүйлөшүүлөр токтоп калган.

Бул эки өлкө бир топ маселелер боюнча, анын ичинде жарандардын бири-бирине эркин каттоосунда мунаса таба алышты. Расмий Брюссель Сербиянын Евробиримдикке мүчөлүккө өтүү каалоосу ишке ашышы үчүн бул сүйлөшүүлөрдө прогресс болушун шарт катары коюп келатат.

XS
SM
MD
LG