Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:22

АКШнын чыгыш жээгиндеги шайлоо участкалары бир сааттан кийин жабыла баштайт


Барак Обама (оңдо) менен Митт Ромни
Барак Обама (оңдо) менен Митт Ромни
60 мүнөттөн кийин Америка Кошмо Штаттарында президенттик шайлоодо добуш берүү жүрүп жаткан бекеттердин алгачкылары өлкөнүн чыгыш жээгиндеги штаттарда жабыла баштайт. Президенттик кызмат үчүн ат салышып жаткан эки талапкер тең – Демократиялык партиянын талапкери Барак Обама жана Республикалык партиядан көрсөтүлгөн Митт Ромни – жеңээрине ишенээрин билдиришти.

Митт Ромни өзү мурда губернатору болгон Массачусетс штатында добушун берди жана эл “өзгөрүүлөр үчүн добушун берет го” деп үмүт кылып жатканын айтты. Обама болсо шайлоо күнүн Чикаго шаарында өткөрүүдө. Ал өткөн айда эле добуш берип, АКШнын тарыхында шайлоодо эрте добуш берген алгачкы президент болуп калды.

Акыркы сурамжылоолорго караганда, Обама менен Ромнини колдоочулардын саны дээрлик бирдей болуп турат. Бирок тандоосунун жыйынтыгын алдын ала айтып болбой турган айтылуу “оомо" штаттарда Обама бир аз алдыда экени кабарланууда.

XS
SM
MD
LG