Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:57

Обама жеңишин жарыялады


АКШ президенти Барак Обама Республикалык партиянын өкүлү Митт Ромнини жеңип, дагы төрт жылга шайланды.

Обама Чикагодогу тарапкерлерине кайрылып, жеңгенин жарыялады:

- Бүгүн ушул шайлоодо, америка эли сапарыбыз узак жана татаал болгону менен, күчүбүздү топтоп, өз жолубузду кайра тапканыбызды эске салды. Кошмо Штаттарды алдыда дагы көп жакшылыктар күтүүдө деп ишенебиз.

Андан бир аз мурдаарак атаандашы Митт Ромни утулганын моюнга алды.
Обама Ромниге телефон чалганын, келээрки күндөрү аны менен жолугушаарын айтты.

Президенттик жарышты жеңүү үчүн талапкерлер Шайлоочулар коллегиясынын жок дегенде 270 добушун алышы керек эле. Флорида штатындагы бюллетендер саналып бүтө элек кезде Обама коллегиянын 303, Ромни 206 добушун утууга жетишти.
Ал ошондой эле көпчүлүк “арсар” штаттарда жеңди.

XS
SM
MD
LG