Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:21

Коммунисттер социалисттик революцияны эскеришти


Бүгүн Кыргызстанда дем алыш күн. 7-ноябрды Улуу Октябр социалисттик революциясынын күнү катары кайрадан белгилөө тууралуу чечим 2001-жылы парламентте кабыл алынган.

1990-жылдардын башына чейин бул күндү социалисттик республикалардын баары негизги майрамдардын бири катары белгилеп келген.

Эгемен Кыргызстанда 7-ноябрды кайрадан майрамдоо тууралуу чечим коммунисттердин сунушу менен 2001-жылы парламентте кабыл алынган. Адатта бул күн Бишкектин эски аянтында Лениндин эстелигине гүл коюу жана коммунисттер уюштурган чакан митинг менен гана чектелет.

Бүгүн да бишкектик коммунисттер Лениндин эстелигинин алдына чогулушту.

Жалал-Абадда да коммунисттер октябр төңкөрүшүн эскеришти. Кабарчыбыздын айтымында, облустук Барпы атындагы театрдын алдында коммунисттер митинг
өткөрдү. 1917-жылдагы октябр төңкөрүшүнүн кыргыз өлкөсүнө тийгизген таасири менен оош-кыйыш жактары эскерилип, учурдагы кырдаал талкууланды.

Митингден кийин 60тан ашуун коммунист Жалал-Абаддагы Эркиндин жана Ленин көчөлөрү менен жөө басып өтүп, Токтогул көчөсүндөгү Лениндин эстелигине гүл койду. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG