Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Июн окуясына тиешеси бар делген эки адам Орусияда кармалды


2010-жылдын июнундагы каргашалуу окуяга тиешеси бар делген эки кыргызстандык жаран Орусиянын Иркутскунда кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт. 24 жана 48 жаштагы эки жаран чек ара кызматынын офицерин жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерин өлтүргөнгө катышкан деген айып менен эл аралык издөөгө берилген. Интерпол аркылуу издеп жатышкан. 31-октябрда аларды кыргыз жана орус милиционерлери чогуу кармашты. 1-ноябрдан бери кылмышка шектүүлөр орус тергөө абагында камакта жатат. Учурда аларды Кыргызстанга алып келүү жолдору каралууда.

Июн окуясында улут аралык жаңжалдын айынан Ош жана Жалал-Абад облустарында төрт жүздөн ашуун адам мерт болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG