Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

Жалал-Абад шаардык кеңешинде коалицияга түзүлө элек


Шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясынын тараганына бир айга чукулдап калса да, бүгүнкү күнгө чейин эч кайсы фракция бириге элек. Буга депутаттар арасындагы пикир келишпестиктер себеп болууда. Бул тууралуу депутат Кабылжан Турдукулов билдирди.

Мурдагы “Ак ниет” коалициясы 2013-жылы февраль айында КСДП жана “Ата-Журт” фракцияларынан түзүлгөн. Шаардын быйылкы бюджетин бекитүүдө орток пикир табылбай, “атажуртчулар” март айында коалициядан чыккан.

Эгер 20-апрелге чейин жаңы коалиция куралбаса, мыйзамга ылайык 31 депутаттан турган шаардык кеңеш таратылат.

2012-жылдын 25-ноябрында өткөн шайлоодо "Өнүгүү" партиясынан 15, "Ата-Журт" партиясынан 8 жана КСДПдан 8 депутат шайланган. (RsK)

XS
SM
MD
LG