Украинанын Коргоо министрлигинен орусиячыл активисттер Краматорск шаарында алты чопкуттуу унааны тартып алгандыгын бышыкташты. «Экстремисттер унааларды тартып алып, Словянскиге айдап кетишти» деп айтылды министрликтин билдирүүсүндө.
Кабарчылар бүгүн чопкуттуу техникаларды Краматорск жана ага коңшулаш Словянск шаарынан көргөндүгүн билдиришкен эле.
Бүгүн ошондой эле сепаратисттер бул аймактагы Донецк шаарынын мэриясына кирип келишти. Алар Украинанын чыгышындагы аз дегенде 10 шаарда мамлекеттик имараттарды көзөмөлдөп турушат. Донецкиде шаар кеңешинин маалымат катчысы 20 чакты куралчан мерияны басып алып, Украинаны федерацияга айлантууну талап кылышканын билдирди.