Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:26

Жаз музыка жанрынын усталары жаштарга сабак өтөт


Борбор калаада тогузунчу эл аралык “Жаз-Бишкек-Жаз” фестивалы уланып жатат. Ага Кыргызстан, АКШ, Германия, Тажикстан, Австрия, Өзбекстан жана Жапониядан 10 музыкалык топ катышууда.

11-апрелде башталган фестивалга виртуоз пианист, абройлуу “Грэмми” сыйлыгынын номинанты Эльдар Жангиров келген. Ал Кыргызстанда төрөлүп, 10 жашында АКШга кетип, жаз пианисти катары дүйнөгө таанылган.

Жангиров жана Жапониядан келген Кэйко Борджесон, Макото Масуда, Хидэо Такэуичи 18-апрелде улуттук консерваторияда каалоочулар үчүн мастер-класс өтөт.

Аталган фестиваль “Борбор Азия - Арт Менежмент” коомдук фонду тарабынан уюштурулган. Маданий иш-чара 19-апрелге чейин Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт. (SE)

XS
SM
MD
LG