Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:00

Обама Орусия Украинада кандай кадам жасарын күтөт


АКШ президентинин айтымында, Женевада жетишилген келишим Украинадагы кризисти деэскалациялоонун болочок дипломаттык мүмкүнчүлүгүн көрсөттү. Барак Обама 17-апрелде Ак Үйдө сүйлөп, эми Украинада тартип орнотууда Орусия өз таасирин кандай колдонот деген суроо турганын, эгер жылыш болбосо, кошумча санкция киргизүү жагын союздаштар менен талкуулап жатканын айтты:

- Мен келерки бир нече күндө берки иштердин аткарылганын көрөбүз деп үмүт кылам. Бирок, мурда болгон иштерге караганда, оң жылыш болорунан ишеним аз. Биз орусиялыктардын Чыгыш жана Түштүк Украинадагы токтобогон кийлигишүүлөрүнө потенциалдуу жооп берүүгө даяр турушубуз абзел.

17-апрелде Женевада Украина, Орусия, АКШ жана Европа Биримдиги Украинадагы кризисти жөндөөнү макулдашты. Келишимде каралган чаралардын ичинде өлкөдөгү бардык “мыйзамсыз куралдуу топтор куралсыздандырылыш керек”.

XS
SM
MD
LG