Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:15

Бала асыроо боюнча чет өлкөлүк уюмдар тандалууда


Кыргызстандык балдарды асырап алуу боюнча иш жүргүзүү үчүн 17 чет өлкөлүк уюм арыз берди. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты. Арыз берген уюмдардын 11и АКШда катталган, калгандары Европа өлкөлөрүнөн. Учурда бул компанияларды мамлекеттик органдар текшерип жатат. Андан кийин тандалган уюмдардын тизмеси жарыяланат.

Бала асыроого байланыштуу 2012-жылы Социалдык өнүктүрүү министрлигиндеги коррупциялык иштер аныкталып, чет элдик уюмдардын ишмердиги да, балдарды асыроого берүү иши да токтогон. Ошондон кийин бала асыроо боюнча жаңы жобо иштелип чыккан эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG