Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:04

Украин жетекчилиги жарандарды биримдикке чакырды


Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк жана президенттин милдетин аткаруучу Александр Турчинов 18-апрелде конституциялык реформа боюнча өлкө жарандарына чогуу телекайрылуу жасашты. Яценюктун айтымында, өкмөт пландап жаткан конституциялык реформа боюнча регионалдык жана жергиликтүү бийликтердин вазийпасы кеңейтилет. “Биз орус тилине атайын макам жана аны коргоого кепилдик беребиз”,- деди Яценюк. Ал өлкө калкын биримдикке жана ар кандай тополоңдорго катышпоого үндөп, парламенттен Украинанын чыгышында камакка алынган протестчилерге мунапыс берүү тууралуу мыйзам долбоорун бекитип берүүнү өтүндү.

XS
SM
MD
LG