Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:06

Депутаттар көл суусунун тазалыгын текшерүүдө


Ысык-Көл облусунун аймагындагы турак-жайлардан чыккан сыркынды сууну көлгө жеткирбөө үчүн жергиликтүү бийлик чара көрүшү керек. Мындай тапшырма берилгени бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин көчмө жыйынында айтылды. Анда облустагы таштанды маселеси талкууланып жатат.

Буга чейин айрым тургундар “Газпром” ишканасына тийиштүү мунай иштетүүчү базанын жана айыл чарба багытында иш жүргүзгөн мекемелердин таштандысы көл суусуна кошулуп жатканын айтып чыккан эле. Экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча инспекция тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, сууда азоттун курамы ашыкча экени аныкталган. Депутаттар маселени чечүү жагын өкмөткө тапшырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлайт.

Бүгүн түштөн кийин депутаттар пансионаттарга барып, алардын таштанды төкчү жайларын карап чыгат. (SE)

XS
SM
MD
LG