Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:04

Жоголгон кыздар табыла элек


Бир жумадан бери дайынсыз болуп жаткан кыздарды издөөгө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкармалыгы да тартылды. Бул тууралуу бүгүн министрликтин басма сөз кызматы маалымдап, Ысык-Атада үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан 18 жаштагы эки кыз ата-энесине жашырылган номурдагы телефондон байланышка чыгып жатканы аныкталганын билдирди. Учурда кыздарды издөө уланууда.

Бүгүн ЖК жыйынында ички иштер министри Абдылда Суранчиев алар табылганы тууралуу айтканын маалымат каражаттары жазып чыккан. Бирок кыздар дагы эле табыла электигин туугандары "Азаттыкка" маалымдашты.

17-апрелде Ысык-Ата районундагы Ырыскелди айылындагы үйүнөн чыгып кеткен эки кыз дайынсыз жоголгон. Ошондой эле Жалал-Абад облусунун эки тургуну - 17 жаштагы Кызбурак Касымбекова өткөн жылдын аягынан бери, ал эми 15 жаштагы Лола Табылды кызы быйыл январь айынан бери дайынсыз экени айтылып жатат. (SE\ZKo)

XS
SM
MD
LG