Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Ирак парламенти президентти шайлоону эртеңкиге калтырды


Бийликтеги экинчи мөөнөтү аяктап жаткан Жалал Талабанини алмаштыруу үчүн одогон киши атаандашууда.

Ирактык парламентарийлер президентти шайлоону бүгүн баштайт деп күтүлгөн, бирок эртеңкиге калды.

Саясий күчтөрдүн бейрасмий макулдашуусуна ылайык, президент кайра эле күрд улутунан болот.

Парламент төрагалыгына өткөн аптада суннит тайпасынын өкүлү шайланган. Ал эми премьер - министр шийиттердин тобунан.

Ирактын жаңы жетекчилери соңку парламенттик шайлоодон үч айдан кийин аныкталап жатат. Расмий Багдад бул жараянды тездетүүсү үчүн эл аралык коомчулук да кысым көргөзүүдө.

Анткени, Ирактын бийлиги азыр эң оор кризиске кептелип турат. Өлкөнүн түндүк жана батыш ыптасынын ири бөлүктөрү суннит согушкерлеринин “Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети” деген тобунун көзөмөлүндө. Атүгүл алар өздөрү үстөмдүк кылган аймактарда ислам халифаты түзүлгөнүн да жарыялап жиберишкен. (UE)

XS
SM
MD
LG