Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:55

Тажикстанда жаңы социалдык тармак иштей баштады


Тажикстанда vipnet.tj деген аталышта жаңы социалдык тармак иштей баштады. Бул сайт өлкөдө бир канча күндөн бери жабык турган odnoklassniki.ru тармагына альтернатива болмокчу.

Жаңы социалдык тармактын негиздөөчүсү жергиликтүү программист Ганижон Саломзода 23-июль күнү журналисттерге билдиргендей, vipnet тармагында экстремисттик маанайда жазылган жана этикага сыйбаган билдирүүлөр чыгарылбайт. Андан сырткары сайт тажик менталитетине, салт-санаасына туура келбеген пикирлерге, видео жана сүрөттөргө да тыюу салат. Бирок тажиктердин салт-санаасына кандай билдирүүлөр дал келбей турганы тууралуу айтыла элек.

Тажикстанда жарандардын басымдуу бөлүгү колдонуп келген odnoklassniki социалдык тармагы бир апта мурун иштебей калган. (SE)

XS
SM
MD
LG