Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Иранда палестиндерди колдогон демонстрациялар өттү


Тегерандагы демонстрация. 25-июль, 2014-жыл.
Тегерандагы демонстрация. 25-июль, 2014-жыл.

Мамлекеттик медиа кабарлагандай, “ал-Кудус” же Иерусалим күнүндө палестиндерге колдоо көргөзүү үчүн көчөгө "миллиондогон" киши чыкты.

Борбор Тегерандагы демонстранттар “Израилге өлүм!”, “Америкага өлүм!” деп кыйкырып жатышты.

Президент Хассан Роухани Тегерандагы демонстрацияда сүйлөп жатып, мусулмандарды Израилге каршы “биримдигин” көргөзүүгө чакырды.

Иерусалим күнүндөгү быйылкы демонстрация Израилдин Газа секторундагы чабуулунун 18-күнүнө туш келди. Операция башталгандан бери 800дөн ашуун палестиналыктын өмүрү кыйылды, жөөт тарап 35 жаранын жоготту.

Израиль операциясын ХАМАСтын ракета атууларынан коргонуу деп түшүндүрүүдө.

АКШ менен Израиль Иранды Газа секторун көзөмөлдөгөн ХАМАСты курал менен жабдыганы үчүн айыптап жүрөт.

Тегеран бул исламчыл кыймылга моралдык, каржылык жана гуманитардык гана колдоо көргөзөрүн айтып келет. (UE)

XS
SM
MD
LG