Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:54

Ошто жүздөн ашуун жүргүнчү Бишкекке уча албай турат


“Эйр Бишкек” авиакомпаниясынын 218-каттамы менен Оштон Бишкекке келе турган учагынын учуу мөөнөтү такталбай, Ош эл аралык аэропортунда ушул тапта жүздөн ашуун адам күтүп отурат. Компания өкүлдөрү каттам түндө аткарылышы мүмкүндүгүн айтып, анын себебин түшүндүрбөй кетип калганын “Азаттыкка” жүргүнчүлөрдүн бири Айбек Маткеримов кабарлады:

- Саат 19:30да учушубуз керек эле. Келсек каттам белгисиз мөөнөткө жылганын айтышты. Компаниянын өкүлү келип, ошол эле маалыматты берди да, кетип калды. Себептерин түшүндүргөн жок. Бул жакта балалуу аялдар, зарыл жумушу бар кишилер күтүп отурабыз. Биз Бишкектен нары Орусияга учушубуз керек болчу.

“Эйр Бишкек” жагдайдын себебин азырынча түшүндүрө элек.

XS
SM
MD
LG