Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:50

АКШга барууну каалагандарга убактылуу виза берилбей жатат


АКШ Мамлекеттик департаментинин Консулдук маселелер боюнча бюросунун паспорттук-визалык системасы иштебей калды. Учурда дүйнө жүзү боюнча АКШга баруучуларга виза берүү убактылуу токтотулган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Американын Бишкектеги элчилигинен кабарлашты.

АКШ тарап өз убагында виза же башка тийиштүү документтерди бүтүрө албай жүргөн жарандардан кечирим сурады.

Маселени чечүү аракети көрүлүп жатат. Система кайрадан качан иштей баштаары азырынча белгисиз. (SE)

XS
SM
MD
LG