Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:20

Абдил Сегизбаев УКМК төрагасынын орун басары болуп дайындалды


Абдил Сегизбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору болуп дайындалды. Мындай жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койду. Президенттин аппаратынан түшүндүрүшкөндөй, Сегизбаев УКМК төрагасынын орун басарынын даражасында иш алып барат.

Абдил Сегизбаев буга чейин Атамбаевдин маалымат саясаты боюнча кеңешчиси болуп иштеп келген. Коомчулукка 2005-жылдын 24-мартында бийликтен кулатылган туңгуч президент Аскар Акаевдин акыркы маалымат катчысы катары да белгилүү. (UEz)

XS
SM
MD
LG