Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:19

Тороев: аймактарда адам укугунун абалы начарлады


Кыргызстандын аймактарында адам укугу маселеси негизги көйгөй бойдон калууда. Адистер негизинен Бишкекте гана иштеп, облустардагы абалга маани берилбей жатат. Бул тууралуу Оштогу адам укуктары боюнча “Эдвокаси” борборунун жетекчиси Жеңиш Тороев жергиликтүү маалымат булактары аркылуу билдирди.

Анын айтымында, кыйноо жана этникалык азчылыктарга байланыштуу маселелер дагы эле негизги көйгөй бойдон турат. Тартип сакчылары тарабынан адам укугун бузган фактылар да көп, бирок алар көз жаздымда калып жатканын айтат Тороев.

Үч ай мурун БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин жалпы жыйынында Кыргызстандагы улуттук азчылыктар, аялдардын укуктары, сексуалдык азчылыктардын зобун-зордукка кабылганына, кыйноолордун азайбай жатканына жана сот реформасына басым жасалган. (SE)

XS
SM
MD
LG