Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:38

Ноокендик жарандын тажыясы коомчулукту өзүнө бурду


Интернеттеги социалдык тармактарда “Хизб ут-Тахрир” уюмунун мүчөсүн акыркы сапарга узаткан 500дөн ашык адамдын "Аллоху акбар" деген кыйкырыгы менен коштолгон видео кызуу талаштарды жаратты. Улуттук коопсуздук кызматы болсо аталган видеотасма териштирилерин билдирди.

Муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов болсо мындай жөрөлгө ислам дининде жок экенин, бул окуяны “Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмунун пропагандасы катары сыпаттады.

Милициянын маалыматында жерге берилген Кадыралы Кулмырзаев аттуу ноокендик жаран аталган уюмдун мүчөсү катары 6 жылга соттолуп, Бишкектеги түрмөдө каза болгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG