Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:39

“Ислам мамлекети” уюму эл аралык сынга кабылды


Эл аралык коомчулук “Ислам мамлекети” радикал уюмунун согушкерлеринин америкалык журналист Жеймс Фоулинин башы алынып жатат делген видеотасманы жарыялоосун сындашууда. 20-августта таркатылган видеодо Фоули АКШ президенти Барак Обама Түндүк Ирактагы жихадчылардын өңүттөрүнө абадан сокку урууну буйруганы үчүн өч алуу максатында өлтүрүлгөнү айтылат. Ак Үй эгер видео чын чыкса, АКШны кыжалатка саларын билдирди. Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон видеодогу англисче акцент менен сүйлөгөн адамды аныктоо ишин жетектөө үчүн эс алуусун токтотуп, Лондонго кайтып келди. Франциянын президенти Франсуа Оланд “Ислам мамлекети” уюмун ооздуктоо үчүн эл аралык конференция өткөрүүнү сунуш кылды. Германиянын тышкы иштер министри Франк –Вольтер Штайнмайер жапайы жихадчылар менен согушуу үчүн Ирак күрддөрүнө курал жарак жөнөтүүгө даяр экенин билдирди: "Биз жабдуу, ошондой эле курал менен камсыздай алабыз. Британия, Италия жана Франция мындай товарларды жөнөткөндү чечти. Биз да бул ишке даярбыз. Биз азыр европалык жана эл аралык өнөктөштөрүбүз менен кантип кызматташууну такташабыз"

XS
SM
MD
LG