Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:41

Газада кандуу булоон кайра уланды


Израил жана палестин согушчандары ортосундагы Газа секторундагы элдешүү аягына чыкты. Израилдин чабуулунан 20 палестиналык, анын ичинде ХАМАСтын командири Мухаммед Деифтин аялы жана баласы өлгөнүн Өзгөчө кырдаалдар кызматы 20-августта маалымдады. Буга чейин бир нече кол салуудан кутулуп кеткен Деиф үйүндө жок болгондуктан аман калган.

Израил 19-августта Газадан Израилди көздөй 50дөй ракета атылганын, узак аралыкка жетчү ракеталар Тел-Авивти жана Иерусалимди бутага алганын билдирген.

8-июлда Израил армиясы Газадагы операциясын баштагандан берки кандуу булоондо 2 миңден ашуун палестиналык өлдү. Алардын көбү карапайым жарандар. Израил тараптан 67 адам, анын ичинде үч солдат набыт болгону кабарланды.

XS
SM
MD
LG