Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:47

Токмокто нааразылыкка чыккандар бийликке кайрылуу кабыл алды


Токмоктогу мунайды кайра иштетчү заводдун курулушун токтотууну талап кылып, бүгүн митингге чыккан жергиликтүү тургундар бийликке кайрылуу кабыл алды. Анда ишкананы 15-сентябрга чейин жабуу талабы айтылат . Бул тууралуу “Азаттыкка” акцияга чыккандардын бири Замирбек Көчөрбаев кабарлады. Кайрылуу президентке, өкмөткө, парламентке жана жергиликтүү бийликке жолдонот.

Акцияга чыккан 50 чакты адам менен мэрия өкүлү жолугуп, маселени карап чыгууга убада берди.

Токмокто мунайды кайра иштетүүчү завод Кытай менен биргеликте курулууда. Аны быйыл күзүндө ишке киргизүү мерчемделген. (SE)

XS
SM
MD
LG