Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:28

Бишкекте “Курманжан Датка” тасмасынын бет ачаары өтүүдө


Бишкектеги “Манас” кинотеатрында “Курманжан датка» тасмасынын бет ачаары өтүүдө. Мамлекет каржылаган, режиссер Садык Шер-Нияз тарткан тасманын бет ачаарына вице-премьер-министр Элвира Сариева, өкмөт мүчөлөрү, маданий-адабий интеллигенция өкүлдөрү катышууда. Тасма кечки саат 17.00дөн соң Бишкек жана Ош шаарындагы кинотеатрларда көрсөтүлө баштамакчы.

Толук метраждуу "Курманжан датка" тарыхый көркөм фильмин тартууга үч жылдай убакыт кетти. Мамлекеттик деңгээлде каралган бул долбоорго 70 миллион сомго жакын акча жумшалган. (BkA)

XS
SM
MD
LG