Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:02

Укук коргоочу Равшан Гапиров дүйнө салды


Равшан Гапиров.
Равшан Гапиров.

Узакка созулган оорудан улам Оштогу укук коргоочу Равшан Гапиров 1-сентябрь күнү 59 жашында көз жумду. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын жакындары кабарлады. Укук коргоочунун сөөгү бүгүн жерге берилет.

“Акыйкаттык - Чындык” бейөкмөт уюмунун негиздөөчүсү Равшан Гапиров 2010-жылдагы Ош коогасынан соң жергиликтүү этникалык өзбектердин укугун коргоо жана күч органдарындагы кыйноо фактыларын ачыкка чыгаруу менен таанылган. Ал бир нече ирет “улут аралык кастыкты козутуу” боюнча айыпталып соттолгон, бирок 2008-жылы Жогорку Сот аны актаган. 2011-жылы Ош шаардык соту Равшан Гапировду “соттолбогон жаран” катары таануу чечимин чыгарган.

Өзүнө коюлган айыптардан улам моралдык зыян тартканына байланыштуу өткөн жылы ал күч органдарын сотко берип, 440 миң сомго утуп алган. (SE)

XS
SM
MD
LG