Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

AI: "Ислам мамлекетинин" согушкерлери этностук тазалоо жүргүзүүдө


Эл аралык мунапыс уюму (AI) “Ислам мамлекети” (ИМ) уюмунун согушчандарын Түндүк Иракта “ырааттуу этностук тазалоо” жүргүзүүдө деп күнөөлөдү. Мунапыс уюму 2-сентябрда жарыялаган докладга караганда, массалык кыргындан аман калган адамдардын сөздөрү жихадчылар “согуш кылмышын” жасаганын күбөлөйт. “Ислам мамлекети” уюштурган массалык кыргындар жана адам уурдоолор Түндүк Иракта азчылыктарга каршы этностук тазалоо жүрүп жатканынын жаңы далилдери, деп айтылат анда.

Докладда 3-августта Киниех жана 15-августта Кочо кыштактарында өлтүрүлгөн адамдардын саны жүздөгөн сандарга чыгып кеткени, согушчандар “Синжар шаарынын атарабындагы кыштактарда араб эместердин жана сунни эмес мусулмандардын изин өчүрүү үчүн кандуу майданга айлантканы” көрсөтүлөт.

XS
SM
MD
LG