Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:53

Пакистанда антиөкмөттүк протест уланууда


АКШ Пакистандагы антиөкмөтчү протестчилерди зордук-зомбулуктан карманууга чакырды. Вашингтон “бардык тараптарды зомбулукка барбай, мыйзамды урматооого үндөйт”, “жарандар тынч демонстарция өткөрүүгө укуктуу, бирок саясый системаны конституцияга каршы жол менен өзгөртө албайт”, - деп билдирди Мамдепартаменттин өкүлү Жен Псаки.

Оппозиция лидерлери, мурдакы крикетчи Имран Хан жана кара жаак дааватчы Тахир ул-Кадри баштаган протестчилер 15-августтан бери Исламабадга чогулуп, Наваз Шарифтин премьер-министрликтен кетүүсүн талап кылышууда. Алар Шарифти 2013-жылы парламенттик шайлоонун бурмалап, бийлик башына келди деп күнөөлөшүүдө.

31-августка караган түнү протестчилер Нафаз Шарифтин үйүн басып алмак болушуп, полиция менен кагылышканда үч адамдын каны төгүлгөн. Пакистандын ички иштер министри Чаудари Низар Ал Хан бүгүн парламентте сүйлөп, нааразылык акциясын мамлекетке каршы төңкөрүш деп мүнөздөдү. Ошондой эле “Протестчилердин ичинде 1 -1, 5 миң чамалуу машыккан террорчу да бар. Алар согушчул уюмдар менен согушчул топтордон,” - деди министр.

XS
SM
MD
LG