Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Депутаттар мугалимдердин маянасын көтөрүү маселесин талкуулайт


Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик кошуунунун өкүлдөрү менен бүгүн мугалимдердин айлык акысын көтөрүү маселесин талкуулашат. Жыйын “Татыктуу эмгекке татыктуу эмгек акы” деген аталышта болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган комитеттин төрагасы, депутат Каныбек Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, талкууда эмгек акыны сабактардын саатына эмес, мугалимдин эмгек тажрыйбасына жана азыркы социалдык абалга карата бөлүштүрүү боюнча сунуш өкмөткө жиберилет.

- Азыр бизде мугалимдин орточо эмгек акысы 3000-8000 сомду түзөт. Жалпы ички дүң продукциянын 20 пайызы билим берүү тармагына жумшалат. Бул каражат 17-23 миллиард сомго барабар. Бирок акча негизинен айлыкка эмес, иш-чараларды өткөрүүгө, материалдык абалды чыңдоого эле жумшалат.

Учурда айлык акынын төмөндүгүнө байланыштуу Кыргызстанда эки миңден ашуун мугалим жетишпейт. (SE)

XS
SM
MD
LG