Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:04

НАТОнун баш катчысы Орусияны "тынчтыкты бузууда" деп айыптады


НАТОнун баш катчысы Андрерс фог Расмуссен бул альянска эң чоң коркунуч туудуруп жаткандар деп Ирактагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун жана Украинага байланыштуу Орусия менен мамиленин чыңалуусун атады. Ал ошондой эле НАТО эркиндикти коргогон, ошол эле учурда күч колдонууга даяр турган уюм болушу зарылдыгын баса белгиледи.

Дүйшөмбү күнү Брюсселде Карнеги фондунда сүйлөп жатып Расмуссен азыркы орус бийлиги “кансыз согуш” аяктагандан бери Европада сакталып келаткан тынчтыкты камсыз кылып турган “бардык эреже жана милдеттенмелерди бузуп, Украинага каршы мыйзамсыз күч колдонуп жатканын” айтты.

XS
SM
MD
LG