Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

АКШ “Ислам мамлекетине” абадан сокку ура баштады


Американын аскерий-аба күчтөрү дүйшөмбүдө Иракта өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топко каршы абадан сокку урду. Аскерий аракеттер Багдаддын түштүк-батышында ишке ашырылганын АКШнын аскерий күчтөрү кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул сокку өткөн жумада Барак Обама жарыялаган “Ислам мамлекетине” каршы күрөштүн алгачкы кадамы болуп саналат.

Вашингтон аталган топко жарыялаган согуштун жаңы стратегиясына ылайык, Ирак жана Сирияны байырлаган согушкерлерге абадан сокку уруу кеңейтилет. Ошондой эле Ирак армиясына жардамды көбөйтүү, террорчуларды жок кылуу үчүн эл аралык коалиция түзүү да негизги максат экени айтылган.

XS
SM
MD
LG