Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:49

Нарын: жаңы мэрге байланыштуу чатак иликтенүүдө


Нарын шаарына мэр болуп жаңы шайланган Рахат Адиев эмгек китепчесине жалган маалымат жаздырып алган деп шектелүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарын шаардык шайлоо комиссиясынын төрайымы Асылкан Акитаева билдирди. Анын айтымында, шаардык прокуратура Адиев мэрликке керек болгон документтердин жасалма экенин аныктап, 8-сентябрдагы шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарууну суранган. Прокуратуранын жүйөсүндө, мэрлик үчүн талап кылынган иш тажрыйбаны толтуруу үчүн эмгек китепчесин оңдотуп, өзү иштебей туруп 9 жыл дыйкан чарба башчысы деп жаздырып алган.

Учурда бул маселе Борбордук шайлоо комиссиясында каралууда. Анын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынмакчы.

Жаңы шайланган мэр Рахат Адиев бул маселе боюнча кийинчерээк комментарий берээрин билдирди.

8-сентябрда Нарын шаарынын мэрине шайлоо өткөн. Анда беш талапкердин ичинен Рахат Адиев жеңип чыккан. (TSh/BkA)

XS
SM
MD
LG