Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:46

“Ал-Каида” Ирак менен Сириядагы согушкерлерди ынтымакка чакырды


Бул террордук түйүндүн Араб жарым аралындагы жана ислам Магриби өлкөлөрүндөгү (Түндүк Африкадагы мусулман мамлекеттер) бөлүмдөрүнүн биргелешкен билдирүүсү бүгүн интернет аркылуу таратылды. Адатта “алкаидачылардын” биргелешкен билдирүүсү сейрек чыгат.

Анда Ирак менен Сириядагы согушчан тайпаларга ич ара урушпастан АКШ баштаган коалицияга каршы биригүү чакырыгы айтылган.

“ал-Каидадан” ажырап чыккан “Ислам мамлекети” тобу буга чейин анын Сириядагы таасиринин кеңейишине каршы турган исламчыл топтордун бир нечеси, анын ичинде “ал-Каиданын” Сириядагы канаты - “ал-Нусра майданы" менен кармашкан эле.

“Ислам мамлекети” тобунун согушкерлерине абадан сокку урууну күчөтүп, аларды каржы булактарынан жана катарына жаңы согушкерлерди тартуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу үчүн АКШ азыр эл аралык коалиция куроодо.

Ага Австралия, Британия, Франция, НАТО боюнча башка өнөктөштөр мамлекеттер, ошондой эле Перси булуңунан он араб өлкөсү кошулууда. (UE)

XS
SM
MD
LG